Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына кирди. Бул тууралуу парламенттин 26-февралдагы жыйынында белгилүү болду.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Узакбаев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайланып, бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.