Эл өкүлү ошондой эле ал тууралуу айтылган маалыматтарга да комментарий берди.
"Мен бүгүн өз каалоом менен Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматын тапшырдым. Кечээтен бери мага күйүп-бышып, түйшөлүп чалып жаткан колдоочуларыма, шайлоочуларыма терең ыраазычылык билдирем.
Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар. Алар 5 жыл мурдагы шайлоодо колдонгон жомокторун кайра токуп, жалган маалыматтарды таратып жатышат. Баарын убакыт көрсөтөт, баарына шайлоочулар тараза.
Менин мандатымды эл берген жана шайлоо алдында берген убадаларымды аткарууну уланта берем. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет". Биз бирөөлөрдүн акысына кирбейбиз жана эч ким тууралуу ушак айтпайбыз. Ниетибиз түз, багытыбыз туура",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, парламенттин отурумунда ал кызматын тапшыргандан кийин депутат
Исманали Жороев социалдык тармактарда кесиптеши
Чыңгыз Ажибаевдин атасынын аты аталган маалыматтар тарап жатканын айтып, анын иликтенишин
талап кылды.