ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Салмоорбек Карагулов жана Гидрометеорологиялык кызматынын директору Тимур Алмаматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп Акматбек Маматкаимов дайындалды. Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.