Биз социалдык тармакта

Ынтымак-Ордодо президенттин катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Бүгүн, 27-февралда Ынтымак-Ордодо президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.
Жыйын жүрүшүндө өкмөт жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан