Өлкөдө жооптуу имамдардын айлыгы көбөйтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 27-февралда Ынтымак-Ордодо өтүп жаткан республикалык кеңешмеде айтты.
Анын айтымында, өткөн жылы 235 айыл өкмөттүн имам-хатибдерине 8 миң сом өлчөмүндө айлык маяна бериле баштаган.
"Быйыл ушул айдан баштап 4 миңден ашык имамдарга муфтияттын эсебинен 15 миң сомдон айлык акы чектеле баштады",- деди Байсалов.