Биз социалдык тармакта

Президент "Кумтөрдүн" тапкан кирешеси тууралуу маалымат берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде акыркы 4 жылда "Кумтөр" кенинен алынган кирешеге токтолду.

"2021-2025-жылдары "Кумтөрдүн" өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү. Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түштү.

Мындан тышкары, акыркы 4 жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алдык. Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан "Кумтөрдөн" болгону 100 миллион доллар дивиденд алган. 400 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун 1 тоннасы гана өлкө пайдасына калган",- деди президент.

Президент "Кумтөр" тапкан кирешеси тууралуу маалымат берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан