Биз социалдык тармакта

Өлкө башчы күч түзүмдөрүнөн негизсиз текшерүүлөрдү токтотууну талап кылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров укук коргоо органдарына, күч түзүмдөрүнө кайрылып, ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлерди негизсиз текшербөөнү талап кылды.

"Ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Мунун, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет.

Ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары ишкерлерди, айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчёт алып же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула",- деди президент бүгүн, 27-февралда Ынтымак-Ордодо өткөн республикалык кеңешмеде.

Өлкө башчы күч түзүмдөрүнөн негизсиз текшерүүлөрдү токтотууну талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан