Чүйдүн Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматынан кетти. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Майлыбашев шаарды 5 жылга жакын жетектеген.
Эске салсак, ал 2021-жылдын 10-июнунда Кант шаардык кеңеши тарабынан мэр болуп шайланган. 2024-жылдын 2-апрелинде ал административдик-аймактык реформанын алкагында президенттин жарлыгы менен бул кызматка кайрадан дайындалган.