Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Канат Табалдиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, ал өз калоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.
Эске салсак, Табалдиев президенттин жарлыгы менен бул кызматка 2024-жылы дайындалган.