Биз социалдык тармакта

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасын тосуу иштерин улантууга старт берилди

Бүгүн, 2-мартта Баткен районунун Ууч аймагында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев тосуу иштерин улантууга старт берди. Курулуш иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары катышууда.
"Курулушка керектүү жабдуулар жана техникалар толук даяр. 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат. Мындан тышкары, Ош облусунда 70 чакырым пландалган. 2025-2026-жылдары жалпы 420 чакырым чек араны демаркациялоо мерчемделген",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан