27-февралда кызматынан бошотулган Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев эми УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине Табалдиевди тааныштырды. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышыты.