
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчы
Садыр Жапаров билдирди.
"Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик.
Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам",- деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.