Биз социалдык тармакта

Өлкө жетекчилери Ноорузду кайсы аймактардан тосушту?

Бүгүн, 21-мартта өлкөдө Нооруз майрамы белгиленүүдө. Негизги иш-чара Нарын шаарында өтүүдө.

Теңир-Тоого өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге барып, сүмөлөк ооз тийишти. Андан соң президент кыргызстандыктарды Нарын шаарынан куттуктады.

"Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума, мүлдө Кыргыз элине тынчтык, молчулук, токчулук, ынтымак тилеп, абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган, алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын", - деди мамлекет башчысы өз сөзүндө.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ноорузду Ош шаарында тосту. Ал да атайын даярдалган сүмөлөктөн ооз тийип, куттуктоо сөзүндө: "Терең мааниге ээ, символикалуу жөрөлгөлөр менен коштолгон бул майрам табияттын өлбөстүгүн, жашоонун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт", – деди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен парламент төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык иш-чарага катышышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан