Өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарына жубайы Айгүл Жапарова менен бирге барды.
Калаада президентти тосуп алуу болуп, мамлекет башчысы түндө даярдалган сүмөлөктөн ооз тийди. Өлкө башчысынын Нарынга келгенине кубанычын айтышканда, Жапаров дагы келерин убадалап, "келе берип тажатам" деди.
Учурда калаада Нооруз майрамына карата концерттик иш-чара өтүп жатат.