Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарын шаарынан куттуктады.
"Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума, мүлдө Кыргыз элине тынчтык, молчулук, токчулук, ынтымак тилеп, абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган, алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын", - деди президент өз сөзүндө.
Айта кетсек, бүгүн, 21-мартта мамлекет башчысы Нарын шаарына жубайы менен бирге барды.