УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалганын кабарлады.
Маалыматта Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталып, Сулайманов шектүү катары кармалганы айтылат. Аны менен бирге 2 подрядчы уюмдун жетекчилери колго түшкөн. Атайын кызмат экс-депутат кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын колдогонун белгилейт.
Буга чейин интернет желесинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат делген адамдардын сүйлөшүүсү тараган. Анда Кундузбек Сулаймановдун аты аталган.
Эске салсак, Кундузбек Сулайманов 23-февралда депутаттык мандатынан ажыратылган.
Сулайманов депутаттыктан кол жуур алдында социалдык тармактарда анын таанышын кызматка дайындоодо чыккан пикир келишпестик боюнча да аудиожазуу тараган. Анда эл өкүлү дайындап, кызматка алып барган тааныш баланы жетекчиси урушуп койгондугу баяндалат. Ал өзү буга түшүндүрмө берип, "ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес",- деп жазган Facebook баракчасына.
Экс-депутат саясий кырдаал жаралардын алдында президентке кыйыр сын айткан. Көп өтпөй кайра өлкө башчысына ыраазычылык билдирген. Президентке ыраазычылык айткан күндүн эртеси ал "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин Талант Мамытовго өткөрүп берген. 4 күндөн кийин эле жогоруда белгилегендей мандатын тапшырган.
Ал мандатын өткөрүп бергенине: "Акыркы күндөрү социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы - элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм",- деп түшүндүрмө берген.