Биз социалдык тармакта

Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат билдиргендей, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Шектүү катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сулайманов жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Депутат кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын алдыга сүрөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурганы айтылат.
Кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК буга чейин "Нарын ГЭС" ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан