Кундузбек Сулайманов бийликти депутаттардын айткандарын популизм катары кабыл албоого чакырды

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулук күбөлүк боюнча эл өкүлдөрү көтөргөн маселелер элдин үнү экенин айтты.

Ал аткаруу бийлигин муну популизм катары кабыл албашы керектигин баса белгиледи.

"Биз айткан нерселерден аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Биздин ар бир айткан сөзүбүздү популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? 10 ай окутуу көп деп айткам. Мен муну менен элдин айтканын айтып жатам", - деди Сулайманов.

Айта кетсек, 3-февралда президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде айдоочулукка окутуу боюнча жасалып жаткан реформага түшүндүрмө берип, депутаттарды популизмден алыс болууга чакырган.

Кундузбек Сулайманов бийликти депутаттардын айткандарын популизм катары кабыл албоого чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан