Биз социалдык тармакта

Оштогу мектептеги чыр. Окуучу мугалим тарабынан сабалганы тууралуу видео тарады 

Социалдык тармактарда Ош шаарында окуучунун апасы мугалимге кол салган делген видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул арада жеке менчик мектептин мугалими окуя боюнча комментарий берип, өзүн күнөөсүз деп билдирди.

Бүгүн, 10-апрелде окуучунун эжеси SUPER.KG порталына кайрылып, окуя бир тараптуу чагылдырылып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, алгач мугалим анын инисине кол көтөргөн. Ал мугалим темир сыяктуу нерсе менен окуучуну сабагандыгын кошумчалады.

"Инимди чоң класстын баласы катуу сөздөр менен урушуп койгон. Аны мугалимине барып айтканда ал кайра инимди урушат. Ызаланган иним кетем деп чыгат. Бул арада өзүнүн эмес, башка мугалим келип, темир сыяктуу нерсе менен сабап, тепкичтен кап сүйрөгөндөй 2-кабатка алып чыккан. Анын баарын 2-класстагы сиңдим көрүп, апама чалган. Алар дароо мектепке барып, милицияга чалып, байланыша албай койгон. Инимдин сабалганына жинденген апам мугалимди чаап жиберген",- деди баланын эжеси.

Ошондой эле ал мектептин ичинде тартылган видеону бөлүшүп, өз жүйөлөрүн келтирген.

Учурда шаардык милиция эки тараптан тең арыз түшкөнүн билдирип, окуучунун апасына да, мугалимге да иш козголгонун маалымдады.

Окуучу мугалим тарабынан сабалганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан