Биз социалдык тармакта

Ошто окуучунун ата-энеси кол көтөргөн мугалим окуя боюнча билдирди

Ош шаарында ата-эне кол көтөргөн мугалим Анара Чалова окуя боюнча айтып берди.

Буга чейин социалдык тармактагы баракчаларда аял баласына болушуп мугалимди жаакка чапкан видео тараган.

Анын айтымында, окуучу бала тартип бузгандыктан ата-энесин мектепке чакырткан. Ал эми окуучунун ата-энеси мектепке келип, ага эч себепсиз кол көтөрүп, оройлук көрсөткөн.

"Ош шаарындагы жеке менчик "Юниум" мектебинин башталгыч класс мугалимимин. 9-мартта биздин мектептин 1-“А” классынын окуучусу сабак учурунда бир нече жолу класстан сыртка чыгып кетип, окуу процессине тоскоолдук жаратып, тартипти бузду. Окуучунун коопсуздугун жана сабактын жүрүшүн камсыз кылуу максатында аны класска алып кирип отургузуп, ата-энесин мектепке чакырдым. Бирок окуучунун ата-энеси мектепке келгенден кийин, мени негизсиз айыптап, "баламды урдуң" деген жүйө менен кол көтөрүп, денеме залал келтиришти жана абийриме шек келтирген орой сөздөрдү айтышты",- деп билдирди мугалим эжей окуя боюнча.

Ал ошондой эле тиешелүү кызматтар анын укуктарын коргоп, зарыл чараларды көрүшү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан