
Ошто жеке менчик мектебинде сабалды делген
мугалимдин окуясы боюнча эки тараптуу иш козголду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, окуядан кийин мугалим баласына болушкан ата-энеге арыз жазды. Андан соң ата-эне мугалимдин үстүнөнн арызданды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө аталган мектептин айланасындагы, имараттын ичиндеги орнотулган видеокөзөмөл камераларындагы видеожазуулар алынган. Мектеп окуучусунун энесинин мугалимге карата жасаган кыймыл-аракети коомчулукка жарыяланган видеоматериал аркылуу маалым болгон. Аталган мектептин мугалиминин дагы видеокөзөмөл камераларына түшүп калган аракеттери көрүлгөн. Анда мектеп мугалими тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, окуучуларга ырайымсыз мамиле жасагандыгы, педагогикалык принциптердин негизинде тарбия берүү талаптарын бузуп, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары аныкталган. Тергөө кызматы бул окуяга жаш баланын катыштыгы бар экендигин эске алып, ал видеону коомчулукка жарыялоодон карманууда", - деп билдирди милиция.
Бул факты боюнча мугалимге Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), ал эми баланын апасына бейбаштык боюнча кылмыш иштери козголду.
Тергөө уланууда.