
Кечээ, 11-апрелде
Жакшылык Байташов эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун коло байге ээси болду.
Ал 79 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн беттеште тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип алды.
Айта кетсек, Байташов алгачкы беттешинде индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген, бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алган.