Белгилүү түрк актёру Бурак Дениздин организминен баңгизаттын белгилери табылды. Бул тууралуу түркиялык AHaber телеканалына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, актёрдун организминен марихуана жана кокаин белгиси аныкталган. Бурак Дениз 9-апрелде баңгизат колдонууга жана таратууга шектелип кармалды.
Актёр белгилүү бир убакытта укук коргоо органдарына барып туруу шарты менен бошотулду.
Белгилей кетсек, 9-апрелдеги Стамбул прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде бир топ жылдыздар кармалышкан. Айыпталгандардын арасында белгилүү түрк актёрлору Бурак Дениз жана Хафсанур Санжактутан да болгон.
Ал эми буга чейин Стамбул прокуратурасы 25-март күнү жеке колдонуу үчүн баңгизатты сактоо же аны колдонууга шектелген 16 адамды кармоо боюнча ордер берген. Алардын катарында белгилүү актриса Ханде Эрчел, анын мурдагы жигити Хакан Сабанжи да бар болчу.