Түркияда баңгизат боюнча кезектеги рейддин жыйынтыгында 14 адам камакка алынды, алардын ичинде белгилүү актёрлор жана музыканттар бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын Medyascope агенттигине таянуу менен жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, тергөө иштеринин алкагында 14 шектүүнүн камакка алынуусу тууралуу чечим чыгарылган. Алардын ичинен 11 адам камакка алынып, эки адам издөөдө жүргөнү жана бир адам чет өлкөдө экени маалымдалды.
Айыпталгандардын арасында белгилүү түрк актёрлору Бурак Дениз жана Хафсанур Санджактутан да бар. Алардан тышкары, таанымал музыканттардын да аттары аталган.
Мындай рейддик иш-чаралар Стамбул прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Стамбул прокуратурасы 25-март күнү 16 адамды жеке колдонуу үчүн баңгизатты сактоо же аны колдонууга көмөк көрсөтүү шеги менен кармоо боюнча ордер берген. Алардын арасында белгилүү актриса Ханде Эрчел, анын мурдагы жигити Хакан Сабанджи да бар болчу.