Бүгүн, 27-январда КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен SUPER.KG порталына “Ооруканада жаткан депутат Ахматбек Келдибековду мыйзамсыз СИЗОго алып кетүүгө негиз жок. Ооруканадан СИЗОго алып кетүү үчүн бир нече жол-жоболор бар. Биринчиден, дарылануучунун абалы канааттандырарлык экендигин аныктаган дарыгерлердин жыйынтыгы болуш керек. Жазуу түрүндө уруксат жок болсо биз Келдибековду тергөө абагына алып кете албайбыз” деп билдиришти.
Буга чейин ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматова маалымат каражаттардын бирине “менин күйөөмдү УКМКнын кызматкерлери ооруканадан эки жолу алып кетүүгө аракет кылышты” деп кабарлаган эле.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Октябрь райондук соту тарабынан 2 айга баш коргоо чарасы менен камалган эле.
13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалды.
15-январда Башкы прокуратура райондук сотко Ахматбек Келдибековдун камакка алуу убактысын узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Октябрь райондук сотунун судьясы Жамиля Сабитова көчмө жыйын уюштуруп, депутаттын СИЗОдо камалышына бир ай кошуу тууралуу чечим чыгарылды.