Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго коюлган айыптарды жарыялады

19-ноябрда башкы прокурор Аида Салянова тарабынан ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековго каршы кылмыш иши козголуп, 20-ноябрь күнү Ахматбек Келдибеков УКМКнын тергөө абагына камалды. 
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалымдашынча, депутатка КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 
Депутаттын кармалышына төмөнкү иштер себеп болгон: 
2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 
2003-2004-жылдарда “Ротак-Бишкек” жоопкерчилиги чектелген коомго жарандардын жекече камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; 
ЖКнын төрагасы болуп турган кезде парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган;
"Салык органдарын ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну “Бизнес-Партнёр” жоопкерчилиги чектелген уюмуна мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан