Биз социалдык тармакта

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары камакка алынды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2-сентябрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта сот тиешелүү чечимди кечээ, 7-июлда кабыл алганы айтылат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылганы кошумчаланат.

Буга чейин Шадыбеков Аскер прокуратурасы тарабынан кармалганы айтылган.

Эскерте кетсек, Шадыбеков быйыл февралда УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалган. Ал буга чейин улуттук коопсуздук органдарынын системинде иштеген. Ал эми 8-июнда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан