Биз социалдык тармакта

Савайдын мурдагы айыл башчысы Мунарбек Сайпидинов 6 жылга эркинен ажыратылды

Кара-Суу райондук соту Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновду 6 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча күнөөлүү деп тапты. Жаза мөөнөтүн ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сайпидинов жана башка адамдар Кара-Суу районундагы социалдык маанидеги жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодон чыгарууга байланыштуу иштерге катышкан. Ал 2016-2020-жылдары Савай айыл өкмөтүн жетектеген.

Сайпидинов 2025-жылы Новосибирск шаарынан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан