Бишкек шаардык соту "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча өкүм чыгарды.
Шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча актады. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктарга чакырык" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.
Натыйжада Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүм өзгөртүлүп, 9 жылдык жаза 8 жылга кыскартылган.
Эске салсак, былтыр июль айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовду 9 жылга абакка кескен.
Имамидин Ташов 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кайыңды айылынан УКМК тарабынан кармалган.
Ошол жыллдын 9-январында социалдык тармактарга Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер 2023-жылдын 27-декабрында УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ошол кездеги УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.