Футбол жылдызы Ламин Ямаль тууралуу кызыктуу факт. Футболчунун толук аты-жөнү - Ламин Ямаль Насрауи Эбана.
Испанча ат коюу салтына ылайык, анын фамилиясына ата-энесиники кошулган. Насрауи (атасыныкы) жана Эбана (энесиники). Ламин Ямаль анын толук аты.
"Ламин" деген ысым араб тилиндеги "Аль-Амин" сөзүнөн келип чыккан жана "чынчыл" дегенди билдирет. "Ямаль" - араб тилиндеги "Жамал" сөзүнүн варианты. Ал "сулуулук", "көркөмдүк" дегенди билдирет.