Биз социалдык тармакта

Арабаев университетинде абитуриенттерге роботтор маалымат берүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кабыл алуу өнөктүгү заманбап технологиялардын жардамы менен өтүп жатат. Бул тууралуу университеттин расмий Facebook баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, роботтор абитуриенттерге университеттин институттары, факультеттери, билим берүү программалары, кабыл алуу шарттары жана документ тапшыруу тартиби тууралуу маалымат берип жатат.

Бул ыкма абитуриенттерге керектүү маалыматты тез жана жеткиликтүү жеткирүүгө, тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүү тармагында инновациялык технологияларды колдонууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан