Израилдин учкучсуз учактары (дрондор) Ливандын түштүгүндөгү Набатия-эль-Фаука конушунун Эль-Филлят районуна үч жолу сокку урду. Алардын бири көп кабаттуу турак үйдөгү батирге тийгенин жергиликтүү аскердик булак билдирген.
Маалыматка ылайык, эртең менен дрон аталган районго удаалаш эки сокку жасаган. Кийинчерээк дагы бир израилдик дрон ошол эле аймактагы турак үйдүн батирин бутага алган.
Ошондой эле шейшемби күнү эртең менен Тир шаарында жардыруулардын үндөрү угулганы кабарланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Израилдин аскерлери Маждаль-Зун, Эль-Мансури жана Бинт-Жбейль калктуу конуштарындагы жарандык инфраструктура объектилерин жардыруу жолу менен жок кылышкан. Бул аймактардын айрым бөлүгү Израилдин көзөмөлүндө экени айтылууда.
26-июнда Вашингтондо ок атышууну токтотуу жана Израил аскерлерин Ливандын аймагынан чыгаруу боюнча алкактык келишим түзүлгөнүнө карабастан, өлкөнүн түштүгүндөгү конуштар артиллериялык жана аба соккуларына дагы эле кабылып келет. Израил тарап бул чабуулдар өлкөнүн түндүгүн коргоо максатында жана «Хезболлах» кыймылына тиешелүү объектилерге каршы жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.