Биз социалдык тармакта

Бишкекте Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтүүдө

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен өзбек тарап биргелешип уюштурду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

«Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аталышындагы форум эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкерлеринин жана инвесторлорунун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Форумдун негизги максаты – инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан