Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен дээрлик бир саатка созулган жолугушуудан кийин Ак үйдөн чыгып кетти.
Бул тууралуу NewsNation телеканалынын кабарчысы Либби Дин X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсү дээрлик бир саатка созулган.
Азырынча Ак үй жолугушуунун жыйынтыгы жана анда талкууланган маселелер боюнча расмий комментарий бере элек.