Бразилиялык чабуулчу Винисиус Жуниор мадриддик «Реалдан» кетпейт. Бул тууралуу Sky Sports маалымдады.
Маалыматка ылайык, «Реал» футболчуну сатууну пландабайт жана жакын арада ал клуб менен жаңы келишимге кол коёруна ишеним артууда. Клуб Винисиусту команданын негизги оюнчуларынын бири катары көрөт.