Биз социалдык тармакта

Жол тескөөчүлөрдү укпаган айдоочуга 136 миң сом айып пул салынды

Чүйдө жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талабына баш ийбеген айдоочуга 136 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу облустук Жол милициясы 29-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 28-июлда Ивановка айылында катталган.

Анда кызматкерлер Audi C4 үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылышкан. Бирок унаанын 30 жаштагы айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талабына баш ийбей, окуя болгон жерден качып кетмекчи болгон.

Ал айдоочу кармалып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тийиштүү беренелерине ылайык беш протокол түзүлдү. Айдоочуга жалпы 136 миң сом айып пул салынып, унаа айып короого токтотулду.

Жол тескөөчүлөрдү укпаган айдоочуга 136 миң сом айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан