Биз социалдык тармакта

Күнүнө 20-30 миң сом тапкан моторист айым менен маек (видео)

Бул жолу Super.kg порталы Чаткалдын тоолуу аймагында көбүнчө мырзаларга ылайык кесипти аркалап келген Махлиё айым менен маектешти.

Сегиз баланын мээримдүү энеси Махлиё айымдын улуту өзбек, Чаткалга келин болуп келген. Өмүрлүк жолдошу менен бирге бир кезде эки фура айдап эмгектенишкен. Бүгүнкү күндө болсо унаа оңдоп, моторист болуп эмгектенип келет. Темирдин тилин түшүнгөн, оор жумуштан жалтанбаган каарманыбыз аялзатына мүнөздүү назиктик менен бирге күчтүү эркти, чыдамкайлыкты жана эмгекчилдикти айкалыштыра алган.

Каарманыбыз менен ишинин оорчулугу, бир убакытта эне, келиндик кызматты жа мотористтик кесипти алып кетүү канчалык оор экендигине кененирээк баарлашып жооп алдык.

Видео репортажды толугу менен порталыбыздын ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан