Биз социалдык тармакта

УТРК менен "Номад ТВ" кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) менен "Номад ТВ" телеканалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимге УТРКнын башкы директору Улан Сатиев жана "Номад ТВнын" башкы редактору Наталья Кролевич кол койду.

Келишимдин негизинде эки телеканал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биргелешип чагылдырат. Спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар жана башка негизги программалар түз эфирде көрсөтүлөт.

Наталья Кролевич бул кызматташуу мамлекеттик жана жеке телеканалдардын чоң иш-чараларды биргелешип өткөрө аларын көрсөтөрүн айтты.

Ал эми Улан Сатиев мындай кызматташтык оюндарды кеңири жана калыс чагылдырууга жардам берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Ысык-Көл облусунда жана "Кырчын" этношаарчасында өтөт. Оюндарга 90дон ашык өлкөнүн өкүлдөрү жана 500гө жакын чет элдик журналист келери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-07-29 12:59:00
Кыргыз тилинде берүүлөрдү көбөйтүү керек. Бөтөн тилдеги экран — бөтөн ойлордун тузагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан