УКМКнын абактагы мурдагы кызматкери Эльдар Жакыпбековдун жакын адамы катары белгилүү болгон, Лизун каймана аты менен таанылган С.У. үй камагына чыгарылды. 26-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырып, камакка алуунун ордуна өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын тандап, үй камагына бошоткон. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал коррупция боюнча кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жатат. Буга чейин С.У. №1 тергөө абагына киргизилген болчу.