Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилердин каты” боюнча ишти карап, чечим чыгарды.
Соттун өкүмү менен бардык айыпталуучулар 4 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда аларга 2 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду.
Айыпталуучулардын бири Бекболот Талгарбеков соттун чечиминен кийин билдирүү жасап, коюлган айыптар өзгөрүп келгенин айтты.
“Адегенде массалык баш аламандыктарды уюштурууга аракет кылгансыңар дешти. “Аны далилдеп бергиле” десек, далилдей алышкан жок. Андан соң төңкөрүш кылмаксыңар дешти. Аны да далилдей алышкан жок. Эми азыр жаңы уктук - биз шайлоого тоскоолдук жаратмак экенбиз. Андай нерсе түшүбүзгө да кирген эмес”,- деди Талгарбеков.