"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылды.
Тиешелүү өкүмдү бүгүн, 8-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) жана 36-беренеси, 41-беренесинин 2-бөлүгү (Кылмышка шериктештик) боюнча күнөлүү деп табылды. Мүлкү конфискацияланат жана жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Эске салсак, былтыр 22-ноябрда Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөн видеосун тараткан. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылган.
Ошол эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы кармалып, суракка киргизилгенин билдирген. Ал күнү кечинде Раиса Атамбаева коё берилген.