Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев Ички иштер министрлигинде сурак берип жатат. Бул тууралуу Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Ал апасы менен бир тууганы эртең менен кармалганын белгиледи. Шагиева жарыялаган видеодо ал Темирлан Султанбековдун апасы менен чогуу ИИМдин имаратынын алдында турганын көрүүгө болот.
ИИМ буга чейин Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлаган. Ал эми Раиса Атамбаева менен Кадыр Атамбаев тууралуу расмий маалымат бериле элек.