Түркиянын Зонгулдак провинциясындагы шахтада болгон жарылуудан каза болгондордун саны үчкө жетти. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуу жума күнү эртең менен Гелик районундагы жеке шахтада болгон. Буга чейин кырсыктан эки адам каза болуп, беш киши жаракат алганы кабарланган. Алардын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.
Телеканалдын маалыматына караганда, куткаруучулар жарылуудан кийин дайынсыз болуп жаткан акыркы кенчинин сөөгүн табышкан. Ушуну менен каза болгондордун саны үчкө жетти.