Япониянын Айти-Нагоя шаарында өткөн Азия Пара оюндарына катышкан дзюдо боюнча улуттук курама команда өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, спортчулар бүгүн, 24-октябрь түнү келишкен. Аларды "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, Азия Пара оюндарында
Айбийке Уланбек кызы дзюдо боюнча алтын медаль
жеңип алган.