Жалал-Абаддын Аксы районунда мал уурдоого шектелген адамдар кармалышты. Бул тууралуу биздин порталга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, шектүүлөр кечээ, 23-октябрда түндө милиция кызматкерлеринин жардамы менен колго түшүшкөн. Алар кичи жүк ташуучу унаасынын мамлекеттик номурунун бир санын өчүрүп алышкан.
Буга чейин мал уурдоого шектелгендерди кууп бара жаткан учур тартылган видео тараган.