Интернет желесинде тургундар мал уурулугуна шектелген адамдарды кууп барышып, бирок кармай албай калышканы тартылган видео тарады.
Тургундардын айтымында, окуя кечээ, 22-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылында болгон.
Бул факт боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.