Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт.
Буга чейин 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан балбан чейрек финалда ирандык атаандашына 0:9 эсебинде утулуп калган.
Ирандык спортчу финалга чыккандыктан, 26-октябрда Исмаилов көңүл жубатуучу беттеште швециялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңди. Эми ал коло медаль үчүн беттеште Орусиянын өкүлү менен күч сынашары белгилүү болду.