25-октябрда Таиландда футболдук беттеш кайгылуу окуя менен коштолду. Анда футболчу Васусивакит Пхусирит оюн учурунда атаандашынын чыканагынан бетине сокку жеп, эс-учун жоготту.
Чет элдик бсылмалар билдиргендей, окуядан кийин футболчунун денеси тырышып, медициналык кызматкерлер талаанын өзүндө жүрөк-өпкө реанимациясын жасашты. Башкы калыс оюнду дароо токтотпой, беттеш дагы бир мүнөткө жакын уланган. Футболчу ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу экени кабарланды.