Биз социалдык тармакта

Дыйыкандар үчүн "IDyikan" платформасы иштелип чыкты (видео)

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев фермер-дыйкандар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканын маалымдады.

Алардын айтымында, бул платформа мамлекетик маалыматтар менен интеграцияланып, ошол эле учурда дыйкандарга тиркеме аркылуу "Айыл банк" жана "Элдик банк" агро-насыялары берилери айтылды.

"Тиркемеде дыйкан-фермерлер түндүк тиркемеси аркылуу электрондук кол менен кирсе болот жана анда бардык маалыматтар бар. Документ жагынан кандайдыр бир көйгөйлөр болсо, тиркеме аркылуу министрликке кайрылып онлайн жооп ала алышат. Учурда тиркемени Google play жана App store платформаларынан жүктөп алса болот",- деп билдирди министрдин орун басары.

Фермерлер үчүн "IDyikan" платформасы иштелип чыкты (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан