Биз социалдык тармакта

Бишкектин аялдамаларына автобустун багытын көрсөткөн панелдер орнотулду

Бишкекте "Акылдуу аялдама" долбоору ишке ашырылууда.

Мэрия билдиргендей, анын алкагында аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотулду. Учурда башка аялдамаларга да орнотуу иштери уланууда.

"Панелдер аркылуу жүргүнчүлөр автобустардын номерлери, каттамдардын багыттары жана көздөгөн жерине чейинки аралык тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле Айни көчөсү – Айтматов проспекти аялдамасына автобустардын жакындап калганын билдирүүчү маалыматтык такта орнотулду. Долбоор коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан